Жолугушууда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте диний экстремизмди алдын алуу, диний-экстремисттик мүнөздөгү идеялардын жайылышына каршы аракет көрсөтүү талкууланды.
Жолугуушунун жүрүшүндө район башчысы «Ассаида Марьям» мечитине барып, мамлекеттик органдардын макулдугу, мыйзамдын алкагында иштөө керектигин, бардык диний объектилердин архитектуралык-курулушун, санитардык-гигиеналык жана башка каттоолорун көзөмөлдөө керектигин белгиледи.
Жыйын «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын» жана «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» алкагында өткөрүлдү.