Шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.
Тартип бузгандарга чара көрүлүүдө.
Алсак, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, унаа жуучу жайынын администратору А.Орунбаевага (Жетиген көчөсү №86), «Эки дос» фаст-фуду (Гоголь көчөсү №113) жана «Кап Строй Кей Джи» компаниясына (Жунусалиев көч. №184) 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул салынды. Айрымдары бузууларды мойнуна алуудан баш тартышкандыктан, иштери административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
Жибек-Жолу №393 дарегиндеги жерди мыйзамсыз казгандыгы үчүн шаар тургуну А.Борисовго 179-берененин 2-бөлүмүнө ылыйык 5 миң 500 сом айып салынды. Күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарылды.
Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.