Борбор калаада жыл сайын өтүүчү "Жаз Деми" жарышы болуп, ага 3000ден ашуун адам катышты.
Жарышты Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Nomad Sport командасы уюштурган.
Катышуучулар Аска-Таш мемориалдык комплексине чогулушуп, анда старт-финиш шаарчасын түзүштү. Жарыш маршруту Фучик көчөсү менен өттү.
Жарыштын алкагында катышуучулар 5 км, 10 км, 21,1 км аралыктарга чуркашты. Ошондой эле жарым марафондун алкагында "Kid's Run" 3 жаштан 13 жашка чейинки жөө күлүктөр арасында чуркоо уюштурулду.