Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева жаш артисттерди, мугалимдерди жана жетекчиликти «Таберик» балдар музыкалык театрынын 65 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Мааракенин урматына бий топторунун катышуусунда концерт тартууланды. Майрамга 60-2000-жылдардагы бүтүрүүчүлөр да чакырылган.
Белгилей кетсек, театрда 4 жаштан 16 жашка чейинки 500дөн ашык таланттуу балдар өнөрлөрүн тартуулашат.
Театрдын жаш артисттери шаардагы бардык иш-чараларга катышат.