Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекторлор күн сайын муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан бошотуу боюнча иш алып барып, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берүүдө.
Жыйынтыгында төмөнкү даректерде  объекттер алынды:
- Ч.Валиханов атындагы көч. №1/2 дарегиндеги бетон тосмолор алынып салынды;

- Тагай-Бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил объект;

- Сыдыков көчөсүндөгү темир бастырма;

- «Чыгыш-5» кичи районундагы темир конструкция;

- Лермонтов көчөсүндөгү күркө;

- Огонбаев жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги плов сатылып жаткан күркө;

- Жибек-Жолу-Турусбеков кесилишиндеги капиталдык курулуш;

- Коенкөзов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн  кесилишинде 2 жеңил объект;

- Тагай-Бий жана Тунук көчөлөрүнүн  кесилишиндеги чач тарач;

- Өмүракунов жана Таттыбүбү көчөлөрүнүн кесилишиндеги пайдубал;

- "Ала-Тоо" кафеси  (Тыныстанов көч.).

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү номерлерге калтырсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.