Күн жылыган соң жашылдандыруучулар сугат иштерин Каралаев, Абдрахманов, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында, Театральный аттуу скверде жана ошондой эле  Ата-Түрк, Жеңиш, Жаштар сейил бактарында жүргүзүштү. Арык сугаттан тышкары “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери атайын унаа аркылуу сугатты  7- апрель, Ибраимов, Байтик -Баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө жана “Көк Жар” конушунда колдонуп жатышат.

Эскерте кетсек, жаздын келиши менен шаардык гүлзарларды отоо иштери дагы кайрадан өткөрүлүп жатат. Азыркы учурда Жеңиш аянтындагы, Жаш Гвардия бульварфндагы жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү гүлзарлар отолуп тазаланып жатат.

Быйыл сугат иштери эрте башталганынын себебин айта кетсек, бул жер астында нымдуулукту көпкө чейин сактоо максатында башталган. Бул чечим кийнки жайкы ысыкта бак-дарактардын абалына жакшы таасир этет.