Биринчи май райондук администрациясында бир жолку материалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Комиссиянын кароосуна райондун жарандарынан 9 арыз түшкөн, анын ичинен 4 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 3 пенсионер, 2 аз камсыздалган тургундар.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү медициналык жардам көрсөтүү, тамак-аш жана эң керектүү буюмдарды сатып алуу маселелерине тиешелүү болгон.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун  тургундарына материалдык жардам көрсөтүү маселелерин кароодо арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, транспорт каражаттарынын, кыймылсыз мүлкүнүн болушу, ошондой эле башка булактардан жардам алуу эске алынат. Жардам үчүн  жылына бир жолу кайрылса болот.

Өткөн жылы комиссиянын 37 отуруму өтүп, 620 адамга жалпысынан 3 млн 667 миң 500 сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн.