Үчүнчү күнү Айни көчөсүнүн №46/3 дарегинде  оңдоо-калыбына келтирүү иштери уланууда. Магистралдык суу өткөргүчтүн  d = 600 мм авариялык кырдаалы жоюлду.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери суу өткөргүчкө жылма муфта куруунун үстүндө иштеп жатышат. Жакынкы аралыкта ишти бүтүрүүнү пландап жатабыз.

Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин жүрүшүндө абоненттерге таза суу берүү өчүрүлгөн эмес.

Эске салсак, көп кабаттуу үйлөрдө ыңгайлуулук, комфорт жана коопсуздук кызмат көрсөтүүчү уюмдан гана эмес, жашоочулардын өзүнөн да, тактап айтканда, канализация системасын эксплуатациялоо эрежелерин сактоосунан да көз каранды.

Канализация түйүндөрүнүн өздөрү, ажатканадан баштап, канализациялык тазалоочу жайга чейин, эгер туура тейленсе, алар көпкө чейин иштей тургандай долбоорлонгон.

Бирок бул бир гана шартка байланыштуу: ажаткананы таштанды төгүүчү жай же таштанды челек катары колдонбоңуз.