Октябрь районунун акими Азамат Дороев «Алтын-Ажыдаар» ЖЧКсынын толкундуу таңгак чыгаруучу жана макулатураны кайра иштетүүчү заводуна барды.
Жолугушууда уюштуруучулардын бири Лилия Терехова жетекчини комбинаттын активдери менен кеңири тааныштырып, цехтердин ишин көрсөттү.
Өз кезегинде район башчысы ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана өнүктүрүү, продукцияны сатуу максатында кызматташуу сунушун айтты.
Жыйындын соңунда район башчысы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн: «Алтын-Ажыдаар» ЖЧКсы 1995-жылы негизделген.
Чыгарылган продукциялар: кагаз жана картон, толкундуу картон куту.
Жалпы продукциянын 25% Казакстандын экспорттук рыногуна туура келет. Продукциянын негизги кардарлары – «А-Радиатор», «Бишкексүт» ААК, «Кока-Кола Бишкек-Боттлерс» ЖАК.
Заводдун жумушчуларынын саны 360 адамды түзөт. 2021-жылга продукциянын көлөмү 483291,0 миң сомду түздү.