Урматтуу шаардыктар!

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 2-апрелден 10-апрелге чейин Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабык болот.

Бул жерде «АкНазЭлБилдинг» подряддык уюму "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинини долбооруна, "Бишкекжылуулуктармагы" ААКга берилген техникалык шарттарга, ошондой эле жер иштерин жүргүзүүгө ордерлерге ылайык жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын салат.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана борбор калаанын тургундарын жана конокторунан автоунаа менен жүрүү маршруттарын алдын ала пландап алууну суранабыз.