Борбор калаада велосезондун ачылышына байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бишкек Патрулдук милиция башкармалыгынан маалымдашкандай, 3-апрелде төмөнкү көчөлөрдө унаалардын кыймылы токтотулат:
- Саат 10:00дөн 10:25ке чейин А.Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабы (түштүк магистраль) Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан Нуркамал көчөсүнө чейин;
- Саат 10:25тен 10:50гө чейин А.Токомбаев көчөсү Нуркамал көчөсүнөн Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин.
Велосипед колоннасынын маршруту Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан А.Токомбаев көчөсү менен (түштүк тарабы) өтүп, Нуркамал көчөсүнө бурулуп, А.Токомбаев көчөсүнөн (түндүк тарабы) ылдый Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин барат.
Урматтуу унаа сүйүүчүлөрү! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.
Кошумча маалымат телефон аркылуу:
- 0558 686 868 - Velo Friends Positive KG бейөкмөт уюмунун президенти Даниил Кыдыралиев;
- 0505 709-907 - Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери башкармалыгынын тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Канат Маматов.