Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев №6 жана №7 кичирайондорунун тургундары, үй жана кварталдык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту.

Аким тургундарды районду көрктөндүрүү иштери, ошондой эле 2022-жылга карата пландары менен тааныштырды. Тактап айтканда ички райондордун жолдорун реконструкциялоо, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөлөргө жарык берүү, жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана коомдук транспорттун иши жөнүндө масалелер каралды.

Мындан тышкары, райондук милиция кызматкерлеринин иши талкууланды, анткени жашоочуларды коомдук тартипти бузган селсаяктарга карата чара көрүү боюнча суранышты.

Белгилей кетсек, жолугушууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лира Акунова, Октябрь районунун ИИБ башчысы Азамат Токтоналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун соңунда район башчысы бардык кызматтарга көтөрүлгөн маселелерди укуктук талаанын алкагында тез арада чечүүнү тапшырды.