Ыйык Рамазан айында орозо кармоону ниет кылган «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине азык-түлүк себеттери берилди.
Колдоо «Ихсан-Хайрия» кайрымдуулук фонду тарабынан борбордун муниципалитети менен биргеликте Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен көрсөтүлдү.
Багбандарга бардыгы болуп 200 азык-түлүк себеттери тапшырылды, анын ичинде: эт, курма, чай, кант, май, күрүч, макарон жана ун.
Бишкек шаарынын мэриясы жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы көрсөткөн колдоосу үчүн «Ихсан-Хайрия» кайрымдуулук фондуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.