Бүгүн фейсбук колдонуучусу А.Бейшенбек муниципалдык кызматкерлердин социалдык тармактарды колдонуусуна байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын катынын сүрөтүн жарыялады.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков кол койгон бул документ сунуштама гана.
Бул сунуштама шаардыктарды адаштыруучу жалган маалыматтарды таратуу фактыларын алдын алуу максатында шаардык кызматтарга маалымат үчүн жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык, муниципалдык кызматкерге жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин эл алдында айыптоого тыюу салынат.
Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык, беренеде каралган чектөөлөрдү сактабаса кызматкерге кызмат ордунан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.