3-апрелде борбор калаада велосезону ачылат.

Сезондун ачылышын борбор калаанын мэриясы “Вело friends позитив kg” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаардык кеңешинин көмөгү менен уюштурууда.

Иш-чаранын программасында веложарыш, сынактар, суусундуктар жана белектер камтылган.

Иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн байгелерин ойнотууга катталган бардык велосипедчилер катышат.

Чогулуш пункту саат 09:00 Д.Асанов атындагы паркта (Байтик Баатыр/Масалиев).
- 09:00 - 09:45 - катышуучуларды каттоо. (16 жаштан жогору катталуу!)
- 09:45 - Веложүрүштүн катышуучуларын түзүү.
- 10:00 - Д.Асанов атындагы сейил багынан Асанбай кичи районуна чейин жана артка.
- 10:30 - Финишке келүү (Д. Асанов атындагы сейил багы (Түштүк дарбаза).
- 11:00 - 13:30 - Салтанаттуу жана көңүл ачуучу бөлүктөрү. Жыйынтыктоо, иш-чаранын жабылышы.

Урматтуу шаардыктар! Баарыныздарды Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган “Сергек жашоо – Дени сак муун” ураанын алдында веложүрүшкө чакырабыз. Көптөгөн позитивдүү эмоцияларга ээ болосуздар жана пикирлеш адамдар менен жакшы убакыт өткөрөсүздөр.