Билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, 2022-2023-окуу жылына 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат.
Каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында графикке ылайык жүргүзүлөт:
- 11-апрелде саат 9:00дөн 27-июнда саат 9:00гө чейин - мыйзамдуу жашаган жери боюнча;
- 27-июнда саат 9:00дөн 10-августтун 10:00гө чейин - учурда жашаган жери боюнча.
Белгилей кетсек, арыз берген ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өздүгүн тастыктоочу документтер (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номери болмоюнча баланы 1-класска каттатуу мүмкүн эмес.
2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жеке идентификациялык номер (ПИН - ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 орундуу идентификациялык номер. Эгерде ал жок болсо, жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КБК) кайрылуу керек.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.
Программалык деңгээлдеги система жарандардын жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:
- аскер кызматчыларынын балдары үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча;
- тиешелүү күбөлүктөр менен Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;
- үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана мектептердин кызматкерлеринин балдары.
2022-жылдын 11-апрелине чейин аракеттеги аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери иштеген жеринен маалымкатты (баланы мектепке каттоо учурунда) кошумча түрдө даярдашы керек.
Баланы 1-класска кабыл алуу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ата-эне/мыйзамдуу өкүлү мектепке 1-августтан 10-сентябрга чейин төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
- баланын жана ата-энесинин биринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өздүгүн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ата-энесинин биринин паспорту;
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (стандарттык бланк);
- алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (стандарттык бланк);
- баланын 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.
Эгерде документтер үстүбүздөгү жылдын 1-августунан 10-сентябрына чейинки мөөнөттө берилбесе, бала мектепке кабыл алынбайт.
Урматтуу шаардыктар! Балаңызды мектепке киргизүүдө керектүү документтерди даярдаңыздар.