Борбор калаадагы 115 дүкөндө социалдык маанидеги товарлар – кант жана май сатылууда.

Ленин районунда 43, Биринчи май районунда  26, Свердлов районунда 27, Октябрь районунда 19 дүкөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражаттарынан Бишкек шаарына социалдык маанидеги товарлар – 200 тонна кумшекер жана 80 тонна май бөлүндү. 52620 литр май, 128,2 тонна кумшекер сатылды.

Соода түйүндөрүндө кумшекер 1 килограммы 70 сомдон, май 1 литри 130 сомдон сатылат