Ленин районунун акими Ала-Тоо конушундагы суу каптаган  жерди жеке көзөмөлүнө алды.

Аба- ырайынан улам Улук-Тоо көчөсүндөгү үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган.

Окуя болгон жерге Ленин районунун акими Русланбек Тагаев барып, Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте кожолуктардын абалы менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу атайын техникаларды тартууга акимиат жардам берди.

Жыйынтыгында 5 унаага суу чыгарылып, турак жайлардан сууну буруу үчүн арыктар казылды.