Октябрь районунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору талкууланды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Октябрь районунун МАБдардын башчылары жана активдүү шаар тургундары менен биргеликте жобону талкулоо боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси каралды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына дин өкүлдөрү, ведомстволор, райндук администрациялар, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кирген.