“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 24-мартта саат 9:00дөн 16:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт.

Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү менен чектелген аймак жана темир жол линиясы суусуз калат. Ошондой эле “Алтын Ордо”, “Кара-Жыгач”, “Полиция шаарчасы” конуштарында суу болбойт.

Бул «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.