Жыйындын башында өткөн жыйында берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттор угузулду.

Жыйында учурда коммуналдык кызматтардын иш алып баруулары, кыш мезгилинде «Ала-Арча» жана «Аламедин» дарыялары  аркылуу өтүүчү сууну өткөрүүнү уюштуруу, ошондой эле калааны 2016- жаӊы жылга даярдоо талкууланды.

Аталган пландык жыйындын жыйынтыгында тротуарларды кардан жана муздан тазалоону тездетүү тапшырмасы берилди. Акимиаттардын жетекчилерине райондогу имараттарды жасалгалоо тапшырылды.