Жерди көрктөндүрүү жана жерлерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаанын санитардык абалын жана тышкы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштерди улантып, шаарды мыйзамсыз курулуштардан бошотууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ижара келишимдерин бузуу тууралуу катынын негизинде, инспекция “Тазалык” ишканасынын атайын бригадасы менен биргеликте Сүйүмбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштерин баштады. Кээ бир менчик ээлери объекттерди өз ыктыяры менен алып жатышат.
Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын иши боюнча кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:
Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.