Шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаанын санитардык абалын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштерин улантууда.
Коңшу аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн “Профи Фирм” ЖЧКсы, Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишиндеги таксопаркынын ээси, Гагарин 173 дарегиндеги ТТС, Тунгуч кичи районундагы унаа токтотуучу жай, Саманчин 5/2 көчөсүндөгү тандыр цехи, Осташков көчөсү 58 дарегиндеги "Чач тарач" сулуулук салону КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, айып пул төлөйт.
Белгилей кетсек, бул берене боюнча айып пулдун өлчөмү 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин.
Курулуш жана тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн Москва көчөсү 51 дарегинде жайгашкан “Вкус востока” кафесине айып пул салынды.
Жол конструкциясын бузгандыгы үчүн Саманчин көчөсү 7/2 дарегинде жашаган Б. Э.га жана “Дордой” конушундагы Ы. Б аттуу шаар тургундарына 177-берене боюнча протоколдор түзүлдү.
Урматтуу шаардыктар!
Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.
Биздин жаңы дарек: Б.Баатыр көчөсү, 77.
Кабыл алуу бөлүмү: 59-47-35
E-mail: kontrol@meria.kg
Facebook: Жерди жакшыртуу жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция
Instagram: mi__meria
Twitter: mi_meria