«Айданек» балдардын реинтеграция борбору окуучулар үчүн  «Салам, Нооруз!» аталышындагы майрамын уюштурду.

Кызматкерлер жана окуучулар тарабынан улуттук каада-салттардан турган “Баланы бешикке салуу”, “Тушоо кесүү” аттуу кызыктуу концерттик программа уюштурулду.

Иш-чаранын максаты – кыргыз элинин каада-салттарын, мурастарын жана улуу муунду сыйлоого тарбиялоо, ошондой эле окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

Айданек борборуна 3 жаштан 18 жашка чейинки  кароосуз калган, анын ичинде мыйзам чегинде чыр-чатактарга кабылган балдар тарбияланышат. Азыр борбордо 47 бала бар.