Урматтуу шаардыктар! Бизде жакшы жаңылык! Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти «Ынтымак» паркынын аймагындагы жер тилкесин борбор калаанын балансына кайтарып берди.
Белгилей кетсек, бир гектарга жакын аянтты ээлеген бул жер «Ю-Ти-Ай Глобал» ЖЧКсына жеке менчикте болгон.
Эми инвесторлордун колдоосу менен бул жерде скейт тебүүчүлөр жана паркур сүйүүчүлөр үчүн атайын аймактар пайда болот.
Бишкек шаарынын мэриясы шаарга мындай белек үчүн инвесторлорго чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.