Ленин районунун акими Русланбек Тагаев районду көрктөндүрүү иштери боюнча көчмө жыйындарын улантууда.
Бул жолу жетекчи «Жал» кичи районунун аймагын кыдырып чыкты.
Ал көчөлөрдүн санитардык абалын жана ирригациялык системаны текшерди.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында район башчысы №5 МТУнун башчысына кичи райондун тургундарына жанаша жайгашкан аймактарды, ирригациялык тармактарды тазалоо, көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.