“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин “Ак-Босого” жаңы конушунда таза суу токтотулат.
Турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.
Бул “Ак-Босого-1” жана “Ак-Босого-2” суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.