Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.

Эмилбек Мырзакулович 1958-жылы 2-июнда туулган. Ал 1977-жылдан бери шаардын жыргалчылыгы үчүн иштеп, «Фрунзеэнергокурулуш» мамлекеттик мекемесинде жыгач уста - сантехник болуп иштеген.
1982-1990-жылдары Свердлов районунун өндүрүштүк, турак жай-эксплуатациялык трестинин инженер-техникалык көзөмөлү, башкаруучусу. Кийинчерээк Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин өндүрүш жана турак жай башкармалыгынын начальниги, турак-жай коммуналдык чарба департаментинин, «Бишкекжилремонт» ишканасынын башчысы ж.б.
2002-2005-жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын орун басары (вице-мэр) болуп иштеген.
2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

Ошондой эле ишкердик менен алектенген.
Кошумчалай кетсек, 1990-2004-жылдары үч жолу БШКнын депутаты болуп шайланган.