Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада текшерүү иштерин улантууда.
Жеке кабыл алуулардын жыйынтыгында мэр №10- кичирайондогу 25-үйдүн жашоочулары менен жолугушуп, жеринде көрктөндүрүү маселелери талкууланды.
Биринчи кезекте жашоочулар №25- үйдүн жылытуу системасын оңдоо иши боюнча кайрылышты. Белгилей кетсек, турак жайды жылуулук менен «Бишкектеплосеть» Ачык акционердик коому камсыздайт. Уюмга үй комитеттеринин төрагалары менен бирдикте көтөргүчтөрдү алмаштыруу тапшырмасы берилди.
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына бак-дарактарды санитардык бутоо, сугат тармактарын иретке келтирүү тапшырылды.
Турак жайдын артында кичинекей жер тилкеси бар, бул жерге Айбек Жунушалиев коомдук бакча курууну сунуштады. Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине жер тилкесин муниципалитетке бекитип берүү, ал эми жарыктандыруу иштерин жүргүзүү “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасына тапшырылды.
Мындан тышкары үйдүн ички бетиндеги тосмолорду, өзгөчө уруксатсыз тургузулган тосмолорду демонтаждоо чечими кабыл алынды.
Шаардыктар менен көчмө жыйындар, текшерүүлөр уланууда.