Колунда тиешелүү укукту аныктоочу документтери, ошондой эле жер тилкелерине укук берүүчү документтери жок жарандар бул тилкелерге каттоого турууга жана тиешелүү социалдык төлөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Белгилей кетсек, “Уруксат берилбеген имараттарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоого алуунун жана каттоодон чыгаруунун эрежелери жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору, Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте даярдалды.
18-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында жарлыктын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.
Эске салсак, учурда “Кадастр” мамлекеттик мекемеси уруксатсыз курулган курулуштарга техникалык паспортторду даярдоо жана берүү боюнча иш алып барууда. Алсак, бул иштин алкагында 6496 арыз түшүп, 5707 имарат экспертизадан өтүп, 2508ден ашык техникалык паспорт берүүгө даярдалган.
Буга чейин паспорт алган жарандар бул аймактарга катталып, социалдык төлөмдөрдү ала алышат.