Ленин районундагы мектептердин 5-11-класстарынын окуучулары үчүн Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш-чаралар – аскердик ыр сынактары, спорттук эстафеталар, ошондой эле мектеп ичиндеги «Эр-жигит» мелдеши өткөрүлүүдө.

Ошондой эле райондогу №10128 «Пантера» аскер бөлүгүндө 300 мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күнү уюштурулду.
Мектеп окуучуларына «Пантера» атайын багыттагы отрядынын көрсөтмөлөрү тартууланды, аскердик, атайын кийимдердин жана аскердик техниканын, аткыч куралдардын үлгүлөрү көрсөтүлүп, аскердик бөлүккө экскурсия уюштурулду.