Биринчи май акимчилигинин жыйындар залында райондун башчысы Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында 2022-жылдын 27-февралына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Свердлов жана Биринчи май райондору боюнча депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Штабдын ишине Биринчи май районунун прокурорунун орун басары Аман Абыкенов, райондук кызматтардын жана борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жолугушууда шайлоо тилкелерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле генератор жана жылыткычтардын болушу талкууланды.
Участокторго генераторлор, жылыткычтар өз убагында коюлат, жооптуу кызматтар бул боюнча кам көрүшөт.
Штабдын мүчөлөрүнө муниципалдык кызматкерлердин жана муниципалдык ишканалардын, аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин шайлоо процессине кийлигишүүгө жол берилбестиги эскертилди. Үй жана квартал комитеттерине партиялык жана айрым кандидаттар менен иштешууге тыюу салынат жана алар мындай аракеттер учун жооп беришет.
Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 60 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн, анын ичинен 48и билим берүү мекемелеринде (ЖОЖдор, колледждер, мектептер, лицейлер жана мектепке чейинки мекемелер), 8и мамлекеттик жана муниципалдык имараттарда, 4ү жеке менчик имараттарда. . Шайлоочулардын саны 110 миңге жакын.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө №27- Биринчи май шайлоо округу боюнча 25 талапкер катталган.
Урматтуу Биринчи май районунун тургундары! Сиздердин ыңгайлуулугуңуздар үчүн ишеним телефону түзүлдү: 0 (312) 62-11-61, ошондой эле саат 09:00дөн 18:00гө чейин 0999312666 WhatsApp номерине фото жана видеолорду жөнөтсөңүздөр болот.
КР БШК ишеним телефону: 1255; 0(312)660240