Ленин акимиатыны, билим берүү борбору менен биргеликте жогорку класстын окуучулары үчүн баатыр генерал-майор Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейине экскурсия уюштурулду.

Иш-чара советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулду. Окуучулар отставкадагы полковник, Ооган согушунун ардагери Орозбай Колубаев менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты студенттердин ой-жүгүртүүсүн кеңейтүү, өз өлкөсүнө болгон милдет, жоопкерчилик, патриоттук сезимдерин ойготуу. Баатыр генерал-майор Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейинде жалпысынан 300 окуучу болду.

№72- мектеп-гимназиясында Ооган жана жергиликтүү согуштун ардагерлери менен окуучулар жолугушуп. Ардагерлер согуш тууралуу айтып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Жыйындын катышуучулары Ооганстанда, бардык локалдык согуштарда жана кагылышууларда курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.