Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы шаардын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет.

Ош базары санитардык талаптарды аткарган жок.

Графикке ылайык дүйшөмбү күндөрү бардык базарларда санитардык күн. Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн соода түйүндөрү жабылышы керек. Бирок айрым ишкерлер эреже бузушкан.

Инспекторлор рейдди Ленин акимиатынын өкүлдөрү менен бирге өткөрүштү. Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 434-беренесинде каралган тартипти бузгандыгы үчүн 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин «Табрис Мурас», «Мускат сервис» ишканаларына, жеке адамдар Каденова Н., Розиев А. айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар! Жакшыртуу эрежелеринин бузулушу боюнча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0554222213.