Октябрь районунда балдардын иштери боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү.
Жыйынга социалдык кызматкерлер, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери, Октябрь райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү катышты.
Комиссиянын мүчөлөрү жашы жете элек балдарга таандык мүлктүн үлүшүн сатууга уруксат берүү, социалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу боюнча материалдарды карап чыгышты, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана баланы коргоонун жеке пландары бекитилди.
Психологиялык жардамга муктаж жашы жете элек өспүрүмдөр КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Балдарга жардам көрсөтүү борборунун жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистерине консультация алуу үчүн жөнөтүлдү.
12-кичирайондогу «Айша» жана “7-апрель” мечиттеринин жанаша жайгашкан аймактарында балдардын укуктарынын бузулушун алдын алуу максатында профилактикалык рейддер өткөрүлүп кайыр сураган 3 балалуу эне аныкталды. Балдар Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү тарабынан алынып, балдар мекемелерине жөнөтүлгөн. Материалдар балдардын иштери боюнча комиссияда каралат.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуздар, балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыздар:
- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.
Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.