Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти тарабынан муниципалдык менчик объектилерин (турак эмес жайларды, жер тилкелерин) өз багыты боюнча натыйжалуу пайдалануу үчүн инвентаризациялоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
Муниципалитет муниципалдык объектилерди титулдук, укук жана уруксат берүүчү документтери жок ээлеп турган бардык адамдарды өз ыктыяры менен бошотуп, шаарга өткөрүп берүүгө чакырат. Анткени, мыйзам бузуулар аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине чейин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
Урматтуу ижарачылар! Ижара акысын өз убагында төлөөнү жана болгон карыздардан кутулууну эскертебиз.
Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кайрылсаңыз болот, телефон: (0312) 45-41-13.