Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, (Күреңкеев көчөсү, 89 дарегиндеги) тандырчыга, Дордой көчөсүнүн тургунуна, «Premium Development» компаниясына айып салынды. Айып пулдун көлөмү 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин.

Өндүрүштүк таштандыларды ыргыткандыгы үчүн Сухэ-Батор көчөсүнүн тургуну Дүйшөнбек у. Бга 7500 сом айып пул салынды.

КР «Жол конструкциясын бузуу» кодексинин 177-беренесин бузган жараан Тыныкеев А., «2 прораб» гипермаркети, «Premium Development » ишканасы. Айып пул: 5 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин.

Кээ бир тартип бузуучулар өздөрүнүн жосунсуз жоруктарын мойнуна алышпайт, аларды жоюуга эч кандай чара көрүшпөйт. Мындай учурларда муниципалдык инспекция андан ары кароо жана алар боюнча айрым чечимдерди кабыл алуу үчүн административдик комиссияны чакырат.

Урматтуу шаардыктар! Көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0554222213.