Троллейбустарда беткап кийүү режиминин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейд өттү.

Текшерүүнү Бишкек троллейбус башкармалыгынын контролерлору коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүүдө.

Ошондой эле троллейбустун ичин күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Кечинде атайын каражаттар менен тазаланып, күндүз кургак тазалоо жүргүзүлөт.

Ар бир троллейбус колду тазалоочу каражаттар менен жабдылган жана беткаптарды айдоочулардан сатып алса болот.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону суранабыз: беткап тагынып, антисептик колдонуңуз, колду бат-баттан жууп, эмдөөдөн өтүңүздөр. Эмдөө - бул өзүңүздү коргоонун бирден-бир натыйжалуу жолу. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!