Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти муниципалдык объектилерди пайдалангандыгы үчүн ижарачылардын дебитордук карызын өндүрүү иштерин улантууда.
Ошентип, акыркы айларда сот органдары ижарачылардан 27,5 миллион сом өлчөмүндөгү карызды өндүрүү боюнча жалпысынан тогуз доо арызды канааттандырган.
Эске салсак, аталган башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын борбордун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп саналат, муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн бардык салыктык эмес кирешелер шаардык бюджетке түшөт.
Урматтуу ижарачылар-ишкерлер! Муниципалдык объектти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп берүүңүздөрдү суранабыз.
Бардык суроолор боюнча Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон (0312) 45-41-13 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.