Эмгекчилердин социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында шаардык троллейбус башкармалыгында ремонт иштери жүргүзүлдү.

1-2-деподо троллейбус оңдоочулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар (эркектер белуму), душ, санитардык жайлар капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Февраль айынын башында ишканада ванналардын ремонту аяктады. Бөлмөлөрдүн полуна жана дубалдарына плитка төшөлүп, унитаздар, раковиналар жана крандар алмаштырылып, жабылуучу кабиналар менен жабдылды. Ошондой эле имараттын эшик-терезелери алмаштырылып, суу түтүктөрү жана канализация оңдолуп, шам чырактар алмаштырылып, дубалдын шыбагы жаңыртылды.

Мындан тышкары, административдик имараттын көйгөйлүү аймактарында: бир нече кеңселерде, диспетчердик кызматтын кеңсесинде, окуу класстарында, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кеңсесинде ж.б. кеңселерде  боёк жана жасалгалоо иштери жүргүзүлдү .

Жалпысынан « Бишкек троллейбус” башкармалыгында оңдоо иштери алты айга созулуп, бул убакыттын ичинде 200дөн ашык кишиге ылайыкталган көрктөндүрүү жайларын жаңыртып, иретке келтирүүгө жетишти.

Белгилей кетсек, келечекте 2022-жылга карата жумушчулардын социалдык шарттарын жакшыртууга багытталган иштер улантылат: 19 көмөкчордонду, борбордук диспетчердик кызматты, медициналык персоналдын кабинеттерин жана башка өндүрүштүк объектилерди 1-2чи автобазаны капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.