Жол кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдордо этият болууга чакырат.

Патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, өткөн жылы 2663 жол кырсыгы катталып, анын 1346сы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда, 3396 адам ар кандай жаракаттарды алып, 64 адам каза болгон.

Урматтуу жөө жүргүнчүлөр! Жолду жер астындагы өтмөктөр аркылуу, «Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер» деген белги же белги менен белгиленген жерлерден гана кесип өтүңүздөр. Өзүңүздүн толук коопсуз экениңизди карап, телефон жана башка гаджеттерге алаксыбаңыздар, ошондой эле жолдон суркап өтпөө маанилүү.

Урматтуу айдоочулар! Жол эрежесин сактоону, айдап бара жатканда мүмкүн болушунча этият жана ылдамдыкты сактоону суранабыз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!