Долбоор жаш активисттер тарабынан демилгеленип, борбор калаанын тургундарына таштандыларды сорттоо ыкмасын жайылтууга салым кошууну чечишти. Мындай ыкма таштанды челектеринин жанында кароосуз калган жаныбарлардын санын азайтууга жардам берет.
Активисттер мөөнөтү өтүп кеткен нан азыктарын алып кетүүнү колго алып, муну менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетип жатышат. Жыл ичинде мындай 1500 урнаны орнотуу пландалууда.
Борбор калаанын муниципалитети активисттерге демилгелери жана шаардын тазалыгына кам көрүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, борбор калаанын тургундарынан урналарды өз максатына – нанды ошол жерге калтырууну суранат.