Борбор калаанын автобустарында ар бир кезектен кийин санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Катуу көзөмөлгө - айдоочулар гана эмес, автобустардын өздөрү дагы алынган. Санитардык тазалоо күн сайын атайын бөлмөдө жүргүзүлөт. Автобус сыртынан жуулуп, ичинде дезинфектор тазалоо иштерин жүргүзүп ичи хлор камтылган тазалоочу каражаттар менен жакшылап сүртүлөт.
Белгилей кетсек, коомдук транспорттун айдоочулары кезекке кирер алдында жана нөөмөт аяктагандан кийин эки жолу медициналык кароодон өтүшөт.
Зарыл болгон учурда, айдоочудан маскаларды сатып алса болот. Ар бир автобуста мындай маскалар салынган кутулар бар. Ар бир салон антисептиктер – дезинфекциялоочу каражаттар менен жабдылган.
Азыркы убакта борбор калаада күнүнө 90го чейин автобус каттайт.
Жүргүнчүлөргө вирустук оорулардын алдын алуу максатында өздүк гигиена эрежелери тууралуу видеороликтер көрсөтүлүүдө.
Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспортто жүрүүдө санитардык эрежелерди сактоону суранабыз: беткап тагынып, колуңузду антисептик менен тазалаңыздар.