Борбор калаанын муниципалитетине «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинен троллейбустун контакт тармагынын тирөөчтөрүн жана мамыларын эстетикалык көрүнүшкө келтирүү өтүнүчү менен кайрылуу түшкөн.
Шаардык троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери бул көйгөйгө дайыма туш болушат. Анткени, жеке компаниялардын, промоутерлердин жарнамалык иш-аракеттеринин натыйжасында муниципалитет түздөн-түз жоготууларга учурайт, мисалы, кызматкерлерден атайын топторду түзүүгө аргасыз болот, алар жарнама кагаздарынан жана клейден тазалап, байланыш тармагынын (троллейбус линиясынын) мамыларын беттерин сырдашат, бул кошумча каражатты жана убакытты талап кылат.
Ошого карабастан, биздин кызматкерлердин жасаган эмгеги кыска убакыттын ичинде көрүнбөй калат, анткени «жарнама чаптагычтар» өз шаарын өз колдору менен булгап, кандай зыян алып келип жаткандыгын ойлонушпайт.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө транспорттук ишкананын балансында 6440 мамы жана контакт тармагынын түркүктөрү (троллейбус линиясы) бар. Аларды иретке келтирүү үчүн лак-боёк материалдарын алууга тендер жарыяланып, климаттын жылышы менен тирөөчтөрдү, мамыларды тазалоо жана сырдоо иштери башталат.