Муниципалитетте борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Култер менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кызматташуу жана боордош шаарлар институтун активдештирүү, маданий-агартуу жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу маселесин козгошту. Соната Н.Култер Бишкек шаарындагы абанын булганышы менен күрөшүү жана шаардын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча тажрыйба менен көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.