Ленин районунун акими Русланбек Тагаев иш сапары менен чыгып, жаңы бакча куруу пландалып жаткан аймак менен таанышты.
Эс алуу аймагы Ашар жана Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алып аянты 2,4 гектарды түзөт.
Долбоордун алкагында тротуарлар, веложолдор, отургучтар, балдар аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар.
Жер участогун пландаштыруу боюнча иштер башталды.
Долбоор борбор калаанын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы (ОГУКС) аркылуу ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Ленин районунун аймагында 3 коомдук бакчанын курулушу пландалууда.