Өткөн дем алыш күндөрү “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын борбордук диспетчердик пунктуна шаардыктардан 55 кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуулар Бишкек шаарынын аймагындагы таза суу жана канализация менен камсыздоо иштерине байланыштуу.
Үй ичиндеги түйүндөрдүн көйгөйлөрү боюнча 40 кайрылуу түшкөн. Аткарылды – 37, 3 арыз иштелип жатат.
Суу менен камсыздоо кызматы - 6 арыз.
Саркынды сууларды тейлөө - 7 арыз.
Борбордук диспетчердик пункту - 2 арыз.
Бардык арыздар кабыл алынып ошол замат суу менен камсыздоо кызматына жана канализация кызматына которулат.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын авариялык бригадалары күнү-түнү иштейт.
Арызды 1533 кыска номерине калтырсаңыздар болот.