Бүгүн Бишкек шаарынын мэри «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жамаатына жаңы жетекчи Орозов Таалайбек Саратанбековичти тааныштырды.
Мэр эмгек жамааты менен болгон баарлашууда шаар тургундарын ичүүчү суу жана канализация менен камсыздоо боюнча үзгүлтүксүз иш алып барууда ишкананын туруктуу ишмердүүлүгүн белгиледи.
Бирок, Айбек Жунушалиев ишкананын алдына төмөнкүдөй милдеттерди койду:
• жаңы конуштарды суу менен камсыздоо жана канализация көйгөйлөрүн чечүү;
•шаарда суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын өнүктүрүү;
•тургундарды тейлөөнү жакшыртуу;
•ишкананын иш чөйрөсүндө иштеп жаткан долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы багыттарды өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен Таалайбек Орозов борбор калаанын вице-мэри кызматынан кызматынан бошотулган.