Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов «Газпром-балдар» спорттук-эс алуу комплексинин жамаатына жаңы директорду тааныштырышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругуна ылайык, Жолчубеков Каныбек Байбекович спорт комплексинин жетекчиси болуп дайындалды.

Каныбек Жолчубеков Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери жана Кыргыз Республикасынын спорт чебери.

2014-жылы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайын «Дене тарбия жана спорт мугалими» адистиги боюнча аяктаган. 2015-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу» адистигин аяктаган.

Кошумчалай кетсек, жогорку юридикалык билими бар. Бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси.