Жакында сугат мезгили келет буга байланыштуу борбор калаада ирригациялык тармактарды тазалоо жана даярдоо иштери уланууда.

Борбор калаанын жашылдандыруучулары Жаш Гвардия бульварынын боюндагы ирригацияны, Достоевский, Сухомлинова, Чыгыш Чоң Чүй каналынын боюндагы каналдарды жана шаардын жаңы конуштарындагы жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалап жатышат.

Ауэзов, Жукеев-Пудовкин, 7-апрель көчөлөрүндө дарактарды кол менен бутоо, Наманган, Скрябин, Лермонтов, Манас, Анкара, Үмөталиев көчөлөрүндө дарактарды санитардык кыркуу иштери жүргүзүлүүдө.

Чуй, Абдрахманов, Гоголь, Сүйүмбаев проспектилеринин боюнда траншеяны даярдоо жана жашыл тосмолорду отургузуу иштери да уланууда.

Абдрахманов-Москва, Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилиштеринде дүмүрлөрдү алуу иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын мүлкүнө кам көрүп, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз. Жайкы сугат маалында арыктан суу ташыганынын себептеринин бири таштандыга толуп калган арыктар.